Бишкектеги Жеңиштин жаш мураскорлорунун парады

04.05.2015 13:00
Көрүүлөр: 4578

Президент Алмазбек Атамбаев 4-майда, Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында өткөн мектеп окуучуларынын «Жеңиштин жаш мураскорлорунун парады» аталышындагы масштабдуу театрлаштырылган оюн-зоогуна катышты.


Президенттин басма сөз кызматында белгилешкендей, Кыргызстанда Жеңиш Күнүн жаштар арасында жайылтууга басым коюлууда. Жалпы элдик эрдикти түбөлүк эскерүү максатында ишке ашырылып жаткан Улуу Жеңиш майрамынын жаңы идеологиялык концепциясынын негизи мына ушундай.


«Эгерде акыркы жылдары 9-майды майрамдоо, эреже катары, согуш ардагерлерин урматтоо менен чектелсе, быйылтан тартып ошону менен катар балдар жана мектеп окуучулары менен активдүү иш жүргүзүү кошулуп жатат», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.


Алсак, Жеңиштин 70 жылдыгына карата башкы майрамдык оюн-зооктор 4-майда борбордук Ала-Тоо аянтындагы Жеңиштин жаш мураскорлорунун парады менен башталат. Бул өлкөнүн тарыхында биринчи жолу жүзөгө ашырылып жаткан, ага 6 миңден ашуун окуучулар катышышкан Жеңиш Күнүнө карата мектеп окуучуларынын масштабдуу театралдашкан оюн-зоок.


Бишкектик мектептердин окуучулары, белгилүү балдар чыгармачылык коллективдеринин тарбиялануучулары, аскер лицейлеринин курсанттары, жаш спортсмендер согуш ардагерлери жана чакырылгандар үчүн абдан кооз жана масштабдуу театралдаштырылган оюн коюп беришти.


Кийинки жылдан тартып Жеңиш Күнүнө карата уюштурулуучу ушуга окшош иш-чаралар борбор калаабызда гана уюштурулбастан, областтык борборлордо, Кыргызстандын башка ири шаарларында дагы өткөрүлмөкчү.